04:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда 80ден ашуун ири калктуу конуш жер титирөөнүн очокторунда жайгашкан

Кыргызстанда сейсмикалык жактан коопту категорияга кирген 80ден ашуун ири калктуу конуш жер титирөөнүн очокторунда жайгашкан. Мындай маалыматтарды Улуттук статистика комитети Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен келтирет.

Ал аймактарда республиканын калкынын 75 пайызга жакыны жашайт. 2022-жылы ар кандай мүнөздөгү 59 өзгөчө кырдаал катталып, натыйжасында 135 адам каза болгон.

1 миң 298 турак үй, 54 жол чарба объектиси, 29 өнөр жай жана соода объектилери, 5,6 миң гектар айыл чарба багытындагы жерлер зыянга учураган. Өзгөчө кырдаалдардын бардык түрлөрүнөн келтирилген экономикалык зыян 4,6 миллиард сомдон ашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар