USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Балыкчыда катуу шамал көп кабаттуу үйдүн сыртын учуруп кетти

14:40, 27 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Балыкчы шаарында катуу шамал көп кабаттуу үйдүн жылуулаткыч темирлерин учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Балыкчы шаарында ылдамдыгы 24-28 метр секундасына чейин жеткен шамалдын кесепетинен Соң-Көл көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин сырткы калайын учуруп кеткен. Жерине Балыкчы шаардык N19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам топ тартылып тактоо иштерин жүргүзүп, учурган калайды коопсуз жайга жылдырып беришкен.

Ошондой эле катуу шамалдан Жети-Ɵгүз районунун Жети-Ɵгүз айылындагы Д.Иманов атындагы орто мектебинин спорт залынын чатыры толугу менен ордунан 1 метр аралыка жылып кеткен. Жерине тактоо иштерине Жети-Өгүз райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Жабыркагандар жок

Шамал үйдүн сыртын учуруп кетти

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика