00:11
USD 76.84
EUR 90.50
RUB 1.04

Өзгөчө абал тартибинде уруксат берилген ишмердүүлүктүн тизмеси

Республикалык штаб өзгөчө абал тартибинде уруксат берилген ишмердүүлүктүн тизмесин жарыялады.

1. Саламаттыкты сактоо системасы:
— ооруканалар;
— лаборатордук кызматтар;
— үйүндө мед. кызматтарды көрсөткөн мекемелер;
— бардык менчик формадагы мед. мекемелер;
— ветеринардык тез жардам кызматтары;
— медициналык товарларынын дистрибуциясы.

2. Шаар инфраструктурасы жана коммуналдык кызматтар:
— электроэнергиялык компаниялар;
— суу менен камсыз кылуу;
— электриктер жана сантехниктердин кызматтары;
— өрт өчүрүү кызматы;
— көчөлөрдү жана имараттарды тазалоо кызматтары;
— калдыктарды жана таштандыларды чогултуу, кайра иштетүү жана жок кылуу;
— дезинфекция;
— телекоммуникациялар (карантин мезгилинде абоненттик бөлүмдөрдүн 50% жабылсын, сайтка иштеген бөлүмдөрдүн тизмеси чыгарылсын, иштөө убактысын 10:00дөн 16:00гө чейин чектелсин, техколдоо кызматкерлеринин жүрүүсүнө уруксат берилет — базалык станцияларга барууну камсыздоо);
— аэропорттор;
— темир жол бекеттери;
— почталык, курьердик жана жүк ташуу кызматтары;
— соц. камсыздоо.

3. Кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы:
— тамак-аш өнөр жайы;
— айыл чарбасы;
— биринчи керектүү товарларды өндүрүү;
— химреагенттер;
— дары-дармек препараттары;
— мед. жабдуулар жана аспаптар;
— үй үчүн кагаз буюмдары;
— жеӊил өнөр жайы (ден соолук жана гигиена товарлары);

4. Чекене соода-сатык, тамактануу жана курулуш кызматтары:
— азык-түлүк дүкөндөрү;
— дарыканалар;
— Күйүүчү май куюу жайлары;
— ресторандар, барлар, кафе, ашканалар — алып кетүүгө гана иштейт;

5. Башка маанилүү кызматтар:
— азык-түлүктөр, дары-дармектер жана медициналык препараттарды жеткирүү кызматтары — 7:00дөн 20:00гө иштөөгө уруксат берилет;
— азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди жана мед. каражаттарды дистрибуция кампалары;
— банк кызматтары (иштөө убактысы 9:00дөн 18:00гө чейин чектелди, шаар ичинде инкассаторлорго, байланыш-борборлорунун кызматкерлерине, техколдоо, кассир, телеком.жабдуулары жүктөлгөн унааларга жүрүүгө уруксат берилет);
— мейманканалар, хостелдер (персоналды казармалык, вахталык иш тартибине жаткаруу жана обсервацияга алынган жактар үчүн гана иштейт);
— карылар үйлөрү;
— балдар үйлөрү;
— үйү жоктор үчүн баш калкалоо жайлары;
— жаныбарлар үчүн баш калкалоо жайлары;
— ритуалдык жана мүрзө кызматтар агенттиги.