Бишкек комендатурасы камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн комендант Алмазбек Орозалиев билдирди.
Шаардыктар төмөнкү учурда гана көчөгө чыгат алат:
— жашаган жеринен жумушуна чейин жана жумушунан үйүнө кайтуу, жанында ишмердүүлүгү бекитилген тармактардын тизмесине кирген уюмдарда иштегени жөнүндө аныктамасы болушу керек;
— каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 1,5 км алыс эмес радиустагы дүкөндөн азык-түлүк товарларын, дарыканалардан медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди сатып алуу;
— үй жаныбарларын, каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 100 метрден алыс эмес радиуста сейилдетүү, 30 минутадан көп эмес;
— ыкчам учурлар боюнча медицина мекемелерине чыгуу;
— адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан өзгөчө кырдаалда гана үйдөн күтүүсүздөн чыгуу.
Комендант өзгөчө абалда туугандарга, досторго, кошуналарга конокко барууга тыюу салынганын белгилейт
«Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн сырткары, 3 адамдан көп топтор болуп чогулуу, жашы жете электерге чоӊ адамдардын коштоосу жок жүрүүгө болбойт. Шаардын жашоо ишмердүүлүгүн камсыз кылгандардан тышкары, бардык уюмдар менен ишканалар ишин убактылуу токтотсун», — дейт комендант.