18:06
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бишкек шаарында бир суткада 28 кылмыш иши козголду

Бишкек шаарында бир суткада 28 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу калаа комендантты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, коменданттык саат учурунда миңден ашык милиция кызматкерлери ишке тартылды.

«Бир күн ичинде коменданттык саат учурунда мыйзам бузгандардын 67 учуруна протокол түзүлдү. Жалпы шаар боюнча 28 кылмыш иши козголду анын ичинен 21 ачылды», — деди ал.

Коменданттык сааттын эрежесин бузган 119 адам кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар