21:50
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүн жерге узатуу тартиби иштелип чыкты

Коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүн жерге узатуу тартиби иштелип чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, набыт болгон бейтапты жерге берүүдө санитардыу нормаларды так сактоо керек.

«Санитардык дарыгерлер койгон талаптарды так аткарып, дезинфекциялоо жана жеке гигиена нормаларын сактоо зарыл», —дейт ал.

Министрлик муфтияттын сунуштарын дагы карманууга чакырат.

Белгилей кетсек, муфтият жаназага көп адам чогулпайт, эң жакын адамдары менен гана жерге берүүнү сунуштаган.

«Коронавирус инфекциясы чума, холера, күйдүргү сыяктуу оор инфекция эмес. Бирок, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен муфтияттын талаптарын аткаруу керек», — дейт мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума