Өзгөчө абал тартибиндеги уруксат кагаздары электрондук форматта берилип баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендантты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, уруксат кагаздарын алуу үчүн эми шаардык комендатурага топтолуунун зарылдыгы жок.
«1-2 күндүн ичинде өзгөчө абал учурунда берилүүчү өткөрмөлөрдү электрондук түрдө берип баштайбыз. Биз форсмажор шартында иштеп жатабыз, жарандар бизди түшүнүшөт деп ойлойм. Ошондуктан, бул жагдайды оңдойбуз», — дейт Алмазбек Орозалиев.