03:44
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Россия 30-марттан тарта чек арасын жабат

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин өлкөнүн бардык чек араларын 30-марттан тарта жабууга буйрук берди. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, Россиянын чек арасындагы автожол, темир жол, жөө жана дарыя аркылуу өткөн кыймыл-аракеттин баары токтойт. Орус-беларус чек арасындагы өткөрмө бекеттери да жабылат.

Дипломаттарга, мамлекеттик кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, поезддердин кызматкерлерине жана кемелердин экипаждарына, Украинанын чыгышындагы жикчил республикалардын тургундарына бул чектөө таасир этпейт.

Эң көп окулган жаңылыктар