Өзгөчө абал тартиби киргизилген аймактарла микрокредиттик жана камсыздандыруу компаниялары жана акча алмаштыруу жайлары менен ломбарддар иштебейт. Бул тууралуу өкмөт маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, Ош жана Бишкек шаарлары менен Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда айрым тармактардын иши токтобойт.
Алар төмөнкүлөр:
— Азык-түлүк продукциясы, табигый бойдон, ошондой эле кайра иштетилген, таӊгакталган ж.б. абалда.
— Дары-дармек каражаттары жана тийиштүү буюм-тайымдар — беткаптар, халаттар ж.б.
— Күйүчү-майлоочу материалдар жана баллондор.
— Турак жай-комуналдык чарба боюнча бардык кызматтардын түрлөрү.
— Жеке менчик кайтаруу уюмдары.
— Айрым бажы уюмдары.
— Коммуникация чөйрөлөрү — ТВ, радио, уюлдук тармак, интернет кызматтары, ошондой эле техникалык тейлөө.
— Бардык медициналык мекемелердин, коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү.