22:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Коменданттык сааттын эрежесин бузган 320 адам кармалды

Коменданттык сааттын эрежесин бузган 320 адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги кабарлады.

ИИМдин билдирүүсүндө, тогуз унаа токтотулду.

Түнү көчөдө жүргөн Бишкекте 193, Ошто 25, Жалал-Абадда 10, Сузакта 26, Ноокатта 11 жана Кара-Сууда 55 адам кармалды. 

«Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзам боюнча, коменданттык саат талабын бузган адамды милиция же аскердик патруль бул мөөнөт аяктаганча кармап турат, ал эми жанында документи жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармалат.

Эң көп окулган жаңылыктар