13:04
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президент тартипти темирдей бекем сактоого чакырды

Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын тарашынан улам Кыргызстандын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу кайрылуу жасады.

Президент Кыргызстан вирус дүйнөгө тарай баштаганда бир катар чараларды көрүп, алар өлкөдөгү кырдаалды көпкө чейин туруктуу кармоого мүмкүндүк бергендигин белгилейт.

«Коронавирусту жайылтпоо үчүн мындан да катуу чараларды кабыл алуу зарылдыгы жаралды. Ошондуктан, конституциялык укугума таянып, Жалал-Абад, Ош, Бишкек шаарларына жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койдум. Жарлыкка ылайык, жарандарыбыздын жүрүм-турумунун, мекемелердин иштөөсүнүн өзгөчө режими киргизилет», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы өзгөчө абал жарыяланган аймактардагы ыңгайсыздыктарга чыдап, тартипти бекем сактоого чакырат.

Врачтарыбыз, чек ара жана милиция кызматкерлери күнү-түнү иштөөдө. Бул аракеттер коомчулук тарабынан, ар бир жаран тарабынан колдоого алынбаса, ийгилик болбойт.

Сооронбай Жээнбеков.

«Биримдик менен гана натыйжага жетебиз. Эпидемиологиялык кырдаалдын начарлоосуна жол бербей, өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын талаптарын кынтыксыз аткаруу, алардын эмгегине чоң колдоо болот. Үйдөн чыкпай, гигиеналык эрежелерди бекем сактап, жолугушууларды токтотуу зарыл», — деп белгилейт президент.

Сооронбай Жээнбеков илдетке чалдыккандар менен байланышта болгондорду издетпей, телефон аркылуу кабар берүүгө чакырат.

«Үйдөгү карантин эрежесин да бекем сактаңыздар. Ким бул талаптарды аткарбаса — өзүнө гана эмес, жалпы элге жасаган кыянатчылыкка барган болот. Мындай жоопкерсиздикке каршы катуу жаза колдонулат», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби