06:15
USD 79.04
EUR 93.73
RUB 1.05

Ошто өндүрүлгөн беткаптар Бишкектеги дарыканаларга жете элек

Бишкектеги дарыканалардын көпчүлүгүндө беткап жок. Бул тууралуу окурман 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, өткөн жуманын аягында өкмөт аптанын биринчи күнү Бишкектеги ар бир дарыканага беткаптар жөнөтүлөрүн айткан.

«Кечээ кечинде жана бүгүн эртең менен аптекларга барып эксперимент катары бет каптарды сурап көрдүм, биринен дагы бет кап таба албадым. Жада калса фармацевттер өкмөттүн беткап маселеси тууралуу сөз бергендигинен кабарлары жок экен», — дейт окурман. 

24.kg агенттигинин журналисттери бул маалыматты тактоо ирээтинде 20 дарыканага байланышка чыкты. Бир дагы аптекада беткап жок. «Бизде бир гана марлиден жасалган маскалар калды, баасы 20 сом. Өндүрүүчүлөр кимдер биз кабардар эмеспиз», — дейт фармацевт.

Эң көп окулган жаңылыктар