09:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Мындай машинага эркектер жетпей жүрөт». Ырыс Жоомартова тамаша видео болчу дейт

Жаңы автомобили менен мактанып интернетте шылдыңга кабылган режиссер Ырыс Жоомартова видео боюнча үн катты. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу оюн билдирди.

Ырыс Жоомартованын айтымында, ал тамаша иретинде маек берген.

«Видео тартылаардын алдында Гулжайнага (Гүлжайна Атаханова — куудул. ред.) чалып сүйлөшүлгөн. Аны кошорубузду айтканмын. Мынчалык резонанс болуп кетет деп ойлобопмун. 50 жаштан ашып мен кантип «кнопканы басса жүрөт, кайра кнопканы басса өчөт» дейин. Видеодө ар бир сүйлөгөн сөздөн кийин, каткырып күлгөндөрүм бар болчу, аларды монтажда кесишиптир», — дейт Ырыс Жоомартова.

Ырыс Жоомартованын маегинде унаасы менен мактанып, анын «буга эркектер жете албай жүрөт», «үч бөлмөлүү батирдин акчасына алдым», «кнопкасың бассаң машина жүрөт, ушундай көрдүң беле?» деген сөздөрү интернетте шылдыңга алынды.

Бирок, режиссер ага кейибей инстаграмдагы баракчасын жарнамалоого киришти.

Белгилей кетсек, Ырыс Жоомартова бир нече комедия жанрындагы тасмалардын режиссеру.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби