15:57
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Россиянын консулдук бөлүмүн жардыруу боюнча жалган маалымат берген аял кармалды

Россиянын Бишкектеги консулдук бөлүмүн жардыруу боюнча жалган маалымат берген аял кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 6-мартта нөөмөт бөлүмүнө Россия Федерациясынын консулдук бөлүмүндө жардыруучу зат орнотулганы боюнча анонимдүү маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо УКМК атай адистеринен турган топ барып, аймак курчоого алынып, дипломатиялык кызматкерлер эвакуацияланган.

Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир жарылуу зат жок болуп чыккан.

Кылмышка шектелип 1974-жылы туулган М.Т.К. аттуу аял кармалды.  

Эң көп окулган жаңылыктар