11:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Reuters: Кремль Украинадагы жашыруун тыңчыларына ишенген

Кремль 24-февралда Украинага кол салганга чейин бул өлкөдө өзүнүн жашыруун тыңчылар тобун түзгөн. Бул тууралуу Reuters агенттигинин 28-февралда жарыяланган иликтөөсүндө айтылат.

Reuters Кремлдин согушка даярдануу пландары менен жакындан тааныш булактарына таянып кабарлагандай, Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы тыңчылар тобу кол салуудан кийин Владимир Зеленскийдин администрациясынын Украинадан качып кетишине, бийликтен баш тартып же багынып берүүсүнө салым кошот деп ишенген.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин башчысы Алексей Даниловдун айтымында, Орусиянын тыңчылары украин аскерлери менен атайын кызмат өкүлдөрүнүн арасында да болгон.

Маалыматка караганда, орус тыңчыларынын аракетинен улам согуштун алгачкы күндөрү Чернобыль АЭСи эч каршылыксыз эле орус тарапка өткөрүлүп берилген. Мамлекетке чыккынчылык кылууга станциянын коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Валентин Витер менен атайын кызматтын жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн бири шектелүүдө.

Агенттиктин иликтөөсүндө Москва Украинадагы бийликти алмаштырууну пландаганы жазылган — булактардын маалыматына караганда, Киевде түзүлө турган «куурчак өкмөттү» Жогорку Раданын орусиячыл мурдагы депутаты, 2014-жылдан бери Орусияда жашап жүргөн Олег Царёв жетектеши керек болчу. Ал Орусиянын Украинага кол салуусун колдогон. Бирок оккупациялык администрацияларда эч кандай кызматтарга дайындалган жок.

Reuters белгилегендей, жалпысынан Орусиянын планы ишке ашкан эмес. Даниловдун айтымында, Москва Украинанын алсыздыгына ишенген жана өз тыңчыларынын жөндөмдүүлүгүн өтө жогору баалап алган. Агенттиктин булактарынын бири орус тыңчыларын «жетекчилиги уккусу келген нерселерди гана айткан маскарапоздор» деген.

Reuters Украинанын Коопсуздук кызматы орус тыңчыларын аныктоого өтө көп убакыт коротууга аргасыз болуп жатканын белгилеп, муну Кремлдин жарым-жартылай ийгилиги деп атаган.

Эң көп окулган жаңылыктар