19:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акын Аскат Жетигенге карата дагы бир кылмыш иши козголду

Акын Аскат Жетигенге карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал Facebook баракчасында билдирди.

«Кайра сотко баратабыз. Жаңы иш козголду. Сот отуруму саат 14.00дө башталат», — деп жазган ал.

Белгилүү болгондой, бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Буга чейин акындын социалдык тармактардагы түз эфирлери боюнча эки экспертиза дайындалган.

«Бир эпизод боюнча корутунду чыгып, ал эч жакка чыкпоо тилкаты менен чыгарылган. Бүгүн, 20-мартта, экинчи видео боюнча экспертизанын корутундусу чыгып, ал кайрадан УКМКга чакырылды. Аскат Жетигенге айып тагылып, бөгөт чарасын тандоо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алынып келинди», — деп Kaktus.media басылмасына адвокат Венера Будайбекова комментарий берди.

Буга чейин Аскат Жетиген УКМК кызматкерлери тарабынан бийликти сындаганы үчүн кармалган. Ал Нарындан Бишкекке алынып келинип, 48 саатка убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен акын эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкаты менен бошотулган .

Эң көп окулган жаңылыктар