22:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Прокуратура Тукуновго тандалган бөгөт чарасына каршы апелляциялык арыз берди

Аламүдүн районунун прокуратурасы Акжолтой Тукуновдун кармалышын мыйзамсыз деп тапкан райондук сотунун чечимине каршы Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз берди.

Эске салсак, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы прокуратура соттон Акжолтой Тукуновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, аны Бишкектеги № 1 тергөө абагына камакка алуу өтүнүчү менен кайрылганын билдирди.

Соттук отурум качан болору азырынча белгисиз.

Райондук сот Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукуновдун айыпталуучу катары кармалышы мыйзамсыз жана негизсиз деп табылганын билдирген.

«Аламүдүн районунун тергөө судьясынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги токтому менен А.Ш. Тукуновдун айыпталуучу катары кармалышы Жазык-процесстик кодексинин 96-97-беренелеринин талаптары одоно бузулгандыгына байланыштуу мыйзамсыз жана негизсиз деп табылды», — деп айтылат маалыматта.

Сот Акжолтой Тукуновду 16-июнга чейин башка жакка чыкпоо тууралуу тилкат менен бошоткон.

Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов кармалганы кабарланган. Ал массалык баш аламандыкка чакырууга шектелүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар