07:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзгөндө автоунааны аткылап кетишкен. Эки адам ооруканага түштү

Өзгөн шаарында түнү «Хонда-Инспайер» үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз жарандар ок менен аткылашкан. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардын жол четинде токтоп турган унаа аткылоого алынган. «Хонда-Инспайер» унаасында үчөө киши болгон, алардын экөө ок жаракаты менен ооруканага түшкөн.

Адам өмүрүнө кол салган кылмышка шектүүлөр изделүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар