17:54
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Сириядагы кыргыздар. Апалардын көз жашы жана Кыргызстандын учагын күткөн балдар

Сириядагы кыргыздардын саны боюнча ар кандай маалыматтар бар. Өкмөттүн маалыматында, Ирактын абактарында 55 аял жана 78 бала бар. Ал эми согуш аймагына кеткендердин ата-энелеринин айтымында, Сириянын чек арасындагы качкындар лагерлеринде кыргызстандык аялдар жана алардын балдарынын саны 400гө жетет. Алардын көпчүлүгү өлкөнүн түндүк-чыгыш тарабындагы Альхол лагеринде. Аталган лагерде Сириянын жергиликтүү калкы менен бирге «Ислам кыймылынын» үй-бүлөлөрү сакталууда. Ал сириялык күрддөрдүн карамагында.

Өкмөттүн билдирүүсүндө, Сириядагы кыргыз жарандарынын өздүгүн такталып, баардык маселелер чечилген. Бирок, учурда аскердик аракеттердин күчөшүнөн өлкөгө баруу жолу татаалданды.

Буга чейин өкмөт Ирактын түрмөлөрүндөгү жарандарын чыгарып кетүү үчүн ар бирине айып катары 400 доллардан төлөшү керектиги маалымдалган.

Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз фондунан бөлөрү айтылган.

Учурда 137 ата-эне «Элет көйгөйү» коомуна биригип, лагердеги кыздарын кайтарып келүү аракетин көрүүдө. Ата-энелердин айтымында, Альхолдо абал оор, ачкачылык жана санитардык талаптардын жоктугунан сырткары, жаш балдар менен кыздар ар кандай зомбулукка кабылышат.

«Ал балдар биздин жакшылыгыбызды унутпайт»

Амангелди Садыгалиев, Чүй облусунун тургуну:

— Альхол лагеринде 1989-жылы туулган карындашым үч жашар баласы менен бар. Ал 2010- жылы кеткен. Карындашым Бишкектеги Улуттук госпиталда медсестра болуп иштечү. Казакстандык жигитке турмушка чыкты. Анан эле жоголуп кетишти. Сирияга кеткенин кийин билдик. Билбейм, алар эмнеге алданат, же дубалап коюшабы, кыскасы кайра артка кайтара албадык.

Кийин күйөөсү каза болуп калды деп уктук. Андан эки баласы бар болчу. Кайра эле казак жигитке турмушка чыкты. Андан дагы бир уулдуу болду.

Мен карындашымдын ахыбалына көңүл бөлгөн эмесмин. Көбүнчө иним менен байланышып, сүйлөшөт эле. Ушул жылдын башында иним келип, телефон менен сүйлөштүрдү. Карындашым лагерде ахыбал өтө оор экенин, курсагы ачып, суукта баласы менен кыйналып жатканын айтты. Бир бооруң кыйналып турса, жөн тура албайт экенсиң.

Телефондору деле жок. Бирөөнүкүн алып, жашынып сүйлөшөт.

Казакстан карындашымдын биринчи жолдошунан көргөн эки уулун алып кеткен. Алар азыр чоң апасынын колунда, катардагы балдардай эле. Мектепке барып жатышат.

Амангелди Садыгалиев.

Биз дагы ошол балдарды, апаларын Кыргызстанга алып келип алсак. Ал балдар биздин жакшылыгыбызды унутпайт эле.

Лагердин үстүндө учак көрүнсө эле «Кыргызстан» деп кыйкырышат

Сырга Халилова:

— Кызым үч баласы менен Сирияда лагерде. Уулу кызы 7 жашта, андан кийин 5 жана 3 жаштагы уулдары бар. Балдары лагердин үстүнөн учак учса эле «Кыргызстандан келди» деп кыйкырып жөнөйт экен. Телефондон сүйлөшсөк, балдары «бизди президентибиз качан алып кетет?» деп сурашат.

Кызым 1983-жылы туулган. Турмушка чыгып, соодада жүрдү. Динден деле алыс, такылдаган кыз өзү. Күйөөсү Түркияда иштейт эле. Анан иштейбиз деп чогуу кетишти.

Алты жыл Түркияда деп жүрдүк. Анча-мынча байланышып турдук. 2019-жылы март айында Сирияда жүргөнүн билдик.

Сырга Халилова.

Азыр күйөөсү каякта экенин билбейт.

«Кызым лагерде англичандын үйүн жыйнайт»

Ыкыбалай Сыдыкова:

— Менин кызым үй-бүлөөсү менен Түркияда жашайт эле. Ошол жакта окуп, иштеп жүрүштү. Уулдуу болду. Кайсы маалда Сирияга өтүп кеткенин билбей калдык. Үч жыл мурда Сирияда экенин билдик. Телефон чалып, баары жакшы экенин айтты. Кийин дагы бир уулдуу болду. Күйөөсү өлгөнүн уктук.

Бир туугандарынын баары күтүп жатат. Эч ким кызымдын кайтып келишине каршы эмес. Анткени, анын коомчулукка коркунуч жаратарына ишенбейбиз. Мен кызымды күтүп жүрүп оорукчан болуп калдым.

Кызым лагерде англичандын үйүн жыйнап, тамагын жасайт экен. Ошолордун телефону аркылуу биз менен вотсаптан сүйлөшөт. «Сиз ушул номерге жаза бергиле, мен келгенде окуп, жооп берем», — дейт ал.

Өткөндө балдарынын сүрөтүн жибериптир. Кичинекей балдар кийимдерин баштыкка салып, «Кыргызстанга кеттик, апа» деп жөнөп алышыптыр.

Ыкыбалай Сыдыкова.

Качкындар лагеринде торт жасап, жанын баккан аялдар бар

Нурила Дөөлөтжанова:

— Менин кызым 2013-жылы 27-декабрда Түркияга кеткен. Өзү 1987-жылкы. Бир тааныш кыз жол киресин төлөп алып кеткен. Бирөөнүн үйүн жыйнап жүрдү. Бир күн акча жөнөтүп «уй алгыла, эмкисинде чөпкө акча салам» деди. Аманатын аткарып уй алдык. Анан эле жоголуп кетти. «Банкка бара албайт экенмин, акчаны башка бирөө салат», — деди ошондо шекшисем болмок экен. Кийин жоголуп кетти. Чалсам телефонду жанагы кыз алып, кызымдын Кыргызстанга кеткенин айтты. Түрк кожоюну телефондон «кызыңа Кыргызстанга билет алып бергенмин», — деди. Ошондон бир жарым жыл дайыны жок болду. Кийин Сирияда экенин, турмушка чыкканын билдик.

Азыр лагерде, күйөөсү набыт болду. Башкаларга салыштырмалуу абалы жакшы. Анткени, торт жасап сатып курсагын тойгозуп турат экен.

Бирок мен карыдым, канча жашайм дагы, кызымды эле күтүп жүрөм. Анткени, анын биринчи турмушунан уулу менин колумда. 5-класста окуп жатат. Көзүм тирүү кезинде аманатын өзүнө тапшырайын.

Нурила Дөөлөтжанова

Ата-энелер кыздарынын реаблитациялоого кеткен чыгымын өз мойнуна алууга даяр

Рамаз Сариев:

— Менин эки кызым жана аялым Сирияда. Кыздарымдын кантип өлкөдөн чыгып кеткенин билбейм. Алар азыр Альхол лагеринде. Биз ошол жакка качып барышын айтканбыз. Анткени лагерь Түркияга жакынкы чек арада жайгашкан. Жакындарыбыз кыйналып, жол жүрүп ошол жерге качып барышты. Эми биз аларды алып келе албай жатабыз.

Лагерди караган күрддөр дагы «силердин өлкөңөргө кереги жок, болбосо алып кетет эле» деп айтышат экен.

Эгер бийлик аларды алып келсе, психологун да, башкасын да өзүбүздүн акчабызга жалдап, кайра тарбиялап алат элек.

Эң көп окулган жаңылыктар