Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сириядагы абалга көз салып жатканын билдирип, кыргызстандыктарды кырдаал турукташканга чейин бул өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.
Тышкы иштер министрлиги кырдаал турукташканга чейин кыргызстандыктарга Сириядан чыгып кетүү сунушталып жатканын белгиледи.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү дарек боюнча ишеним телефондору аркылуу консультация же жардам ала алышат:
Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги: +96551702180;
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги: +905456896800.
Эске сала кетсек, 8-декабрга караган түнү Сирияда Башар Асаддын режими кулаган. Козголоңчулар бийликти басып алышты. Алар ошол жерден дароо мамлекеттик телевидения аркылуу түз эфирге чыгып, президенттик сарайды алышкан. Согушкерлер ошондой эле миңдеген адамдарды, анын ичинде бардык саясий туткундарды түрмөдөн чыгарышты. Армия багынып бергендигин жарыялаган. Кулатылган президент Сириядан чыгып кеткен. 9-декабрда Башар Асад үй-бүлөсү менен Москвада экени белгилүү болгон.