05:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сирия: Орусия менен Түркия согуштук аракеттерге катышууда

Орус жана түрк аскерлери бейшембиде Сириянын Идлиб провинциясындагы согуштук аракеттерге катышты. Көтөрүлүшчүлөр Сирия президенти Башар Асаддын армиясына тарттырып жиберген аймакты кайтарып алууга аракеттеништи.

Түрк артиллериясынын колдоосунда оппозициялык күчтөр Найраб конушуна чабуул жасашты. Орусиянын Коргоо министрлиги түрк аскерлерине каршы орусиялык Су-24 учактары сокку урду. Билдирүүдө сириялык аскерлер бардык чабуулдардын мизин кайтарганы айтылат. Орусия Коргоо министрлиги Түркияны «террорчулардын» (Орусия Идлибде Асаддын армиясына каршы турган куралдуу оппозиция күчтөрүн террорчулар деп атайт) аракетин колдобоого үндөдү.

Түркия Коргоо министрлиги Идлибдеги авиасоккудан Түркиянын эки аскер кызматкери набыт болуп, бешөө жаракат алганын билдирди. Анкара аба чабуулу үчүн жоопкерчиликти сириялык өкмөттүк күчтөргө жүктөдү. Маалыматтарга караганда, мындан кийин түрк армиясы Асаддын армиясына каршы артиллериялык сокку урган.

19-февралда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Асаддын күчтөрү артка чегинбесе, Идлибдеги алардын мизин кайтарууну көздөгөн аскердик операция «бир түндө» башталышы мүмкүн экенин эскерткен.

2018-жылдын сентябрь айында Түркия менен Орусиянын лидерлери Идлибди деэскалация аймагына айландырууну, бул провинцияда ок атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок андан бери аймакта кармаш толук токтой элек.

Эң көп окулган жаңылыктар