13:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сириядан дагы 21 аял, 62 бала Кыргызстанга кайтарылды

«Айкөл-3» гуманитардык миссиясынын алкагында 22-октябрда Сириядан Кыргызстанга дагы 21 аял жана 62 бала алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта кыргыз тарап АКШнын өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөнү үчүн, ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетине ыраазычылык билдирген.

ТИМ Кыргызстандан барган делегация өкмөттүн тапшырмасы менен Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерде башкалкалап жаткандарга дары-дармек, гуманитардык жардам жеткиргенин кошумчалады.

«Айкөл» миссиясынын алкагында 30-августта Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерден кыргызстандык 31 аял, 64 жашы жете элек балдар мекенине алып келинген. Ага чейин жыл башында ушул эле миссия менен 18 аял жана 41 бала келген.

Улуттук коопсуздук комитетинин 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон.

Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар