18:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Таласта 14 жашар өспүрүм селкинчек тээп жатып каза болду

Талас облусунун Орто-Арык айылында 14 жаштагы өспүрүм селкинчек тээп жатып каза болду. Бул тууралуу аймактык милиция билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүм селкинчектин арканына оролуп калган.

2006-жылы туулган өспүрүм 7-класстын окуучусу болгон. Маркум 3-топтогу майып болгондуктан, өзүн-өзү куткара алган эмес.

Бул окуя кокустук болгондуктан ата-энеси эч кимге доосу жок экенин билдиришип, тергөөдөн баш тартышты.

Эң көп окулган жаңылыктар