17:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Азаттыктын» журналисттери УКМКга келиши керек деген талап коюлду

«Азаттык» радиосунун эки кабарчысы УКМКга суракка келиши керектигин аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, кабарчылардын катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш.

«Кыргызстандын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Жазык-процессуалдык кодексинин 194-беренесине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин белгилейбиз. Ошондуктан Жазык-процессуалдык кодекстин 34-36-жана 189-беренелеринин талаптарына ылайык, тергөө органына «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип беришин камсыз кылууну сурайбыз», -деп жазылат билдирүүдө.

Токтакунов «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде туруктуу иштейт. Исаков 2020-жылдын февраль айына чейин Прага шаарындагы кеңсеге кызмат сапарына жөнөтүлгөн.

«Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин белгилейт. Ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирет.

Журналисттик иликтөөгө байланыштуу 29-ноябрда Райымбек Матраимов УКМКда беш сааттан ашык сурак берип чыкты. Матраимов сыртта күтүп турган журналисттерге комментарийди кийин бере турганын айтты.

Ага чейин Матраимов өзүнө байланыштуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин, «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгилеген. 

Эске салсак, Искендер Матраимов Стамбул шаарында өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча кечээ парламентте түзүлгөн комиссиянын курамынан чыккандыгын дагы билдирди. 

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP менен ишке ашырып жарыялаган эле. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын айтат. Ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасы Раимбек Матраимов акча алып турган.

Эң көп окулган жаңылыктар