Экс-депутат Садыр Жапаров 5-февралда жатак абакка которулбайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖАМКтан билдиришти.
ЖАМКтын билдирүүсүндө, айыпталуучунун жактоочусу коомчулукту адаштырып жатат. Садыр Жапаров эркиндикке 2026-жылдан кийин чыгат. Ал өзгөчө оор кылмышка айыпталып жаткандыктан, ага мунапыс берүү же шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу каралбайт.
Мурунку депутат Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу үчүн 500 миң кол топтолгонун 24.kg агенттигине жарандык активист Мелис Аспеков билдирген.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.