03:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров: жоопкерчиликтен качыш үчүн спектакль уюштуруптур

«Мурдагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жоопкерчиликтен качыш үчүн спектакль уюштуруптур», — деп билдирди президент Садыр Жапаров маегинде.

Ал Динара Кутманованын айыбын тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөрүн белгиледи.

«Баласын эч кандай эч ким уурдап кетпептир. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам «спектакль уюштуруп атышыптыр» дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. «Кумтөр» маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз? Мага жеткен маалыматтар боюнча «Кумтөрдөн» жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаларды жеп коюптур",- деп атышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каяка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот", — деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар