06:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу үчүн 500 миң кол топтолду

Мурунку депутат Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу үчүн 500 миң кол топтолду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жарандык активист Мелис Аспеков билдирди.

Анын айтымында, мурунку депутаттын тарапташтары миллион кол чогултуп, андан кийин президент Сооронбай Жээнбековго берүүнү пландап жатышат. Мындан сырткары Садыр Жапаровдун жактоочулары ырайым берүү боюнча комиссиянын кароосуна жиберүү үчүн документтерди топтоп жатышат.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров ырайым катында эч нерсеге күнөөлүү эместигин айтып, үй-бүлөсү оор абалда экенин, атасы менен апасы жана уулу каза болуп, жерге берилгенин кошумчалаган.

Буга чейин Садыр Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган. Бирок ырайым кылуу боюнча комиссия анын кайрылуусун ЖАМКка кээ бир документтердин жетишсиздигинен улам кайра жолдошкон.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Эң көп окулган жаңылыктар