21:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров Сергей Лавровго жооп берди

«Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп жатса керек», — деп билдирди президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде.

Ал «Мамлекеттик тил жөнүндө» жаңы мыйзам орус тилин жектебестигин белгилейт.

«Тескерисинче орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма баш мыйзамда да бар. Бул нормалар кала берет. Мугалимдер менен врачтарга тиешеси жок. Элестетиңиз, мектепке орус улутундагы орус тил мугалимин алып атабыз дейли. Анан аны «сен кыргызча билбейт экенсиң» деп кызматка албай коебузбу? Бизге кыргыз тили кандай керек болсо орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп атпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп атабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар. Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып урдуруп кете беребиз. Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тил билсен ошончолук өзүңө жакшы эмеспи», — дейт президент.

Белгилей кетсек, Сергей Лавров бул мыйзамды «анчейин демократиялуу эмес кадам» деп баалаган.

Эң көп окулган жаңылыктар