ЖАМКтан мурунку депутат Садыр Жапаровдун качан эркиндикке чыга турганын айтышты. Мурунку эл өкүлү шарттуу-мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыга турганынан үмтөтпөй койсо деле болот.
ЖАМКтын маалыматына ылайык, Садыр Жапаров 2026-жылдын 5-октябрында эркиндикке чыгат.
Экс-депутаттын жатак абагына которулбай турагандыгын буга чейин аталган мекеме билдирген. Маалыматка караганда, уюшкан топтун же уюшкан кылмыштуу топтун курамындагы кылмыш үчүн соттолгондор мыйзам боюнча жатак абакка которулбайт. Ошондой эле аларга шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу каралбайт.
Мурунку депутат Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу үчүн 500 миң кол топтолгонун 24.kg агенттигине жарандык активист Мелис Аспеков билдирген. Анын айтымында, мурунку депутаттын тарапташтары миллион кол чогултуп, андан кийин президент Сооронбай Жээнбековго берүүнү пландап жатышат.
Мындан сырткары Садыр Жапаровдун жактоочулары ырайым берүү боюнча комиссиянын кароосуна жиберүү үчүн документтерди топтошууда.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.