09:55
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров Украина боюнча: Кыргызстан тынчтык демилгелерин кубаттайт

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин жолугушуусу учурунда Садыр Жапаров Украинадагы кырдаалга токтолду.

Ал кыргыз тарап кандай гана чыр-чатак болбосун, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деп эсептейт.

«Биз бул согушту токтотуу боюнча өз ара алгылыктуу чечим табууга өбөлгө боло турган ортомчулук аракеттерди жана тынчтык демилгелерди кубаттайбыз. Кыргызстан аймактык бүтүндүк, суверенитет, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин катуу карманат жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин сактоону жактайт», — деди ал.

Президент дүйнөнүн булуң-бурчтарында жарыша куралдануунун жана чыңалуунун очоктору пайда болуп жатканына тынчсыздандыруусун айтты.

«Мындай шарттарда жаңы муундардын келечеги үчүн ар бир өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен глобалдык жана региондук коопсуздукту бекемдөөнүн үстүндө биргелешип иштөө маанилүү деп эсептейбиз», — деди Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар