19:27
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

27-январдан 28-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Бишкек—Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка—Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар