18:45
USD 84.87
EUR 91.60
RUB 1.11

«Добушуңду сатпа!». Боршайком Азамат Кененбаевдин ырынын клибин каржылайт

Азамат Кененбаевдин жеке архивинен
Фото Азамат Кененбаевдин жеке архивинен

Курулушта иштеген жарандын «Добушуңду сатпа» деп рэп окуган видеосу соцтармакта таркап, шайлоо алдында хитке айланды. Шайлоочуларды калыс добуш берүүгө чакырган Азамат Кененбаев Борбордук шайлоо комиссиясы дагы жактырып, ырды жаздырып, клиби менен кошо каржылап бермекчи болду.

Анын артынан белгилүүлүккө жетишкен Азамат Кененбаев чоң сахнага даярданууда.

— Азамат, өзүңүз курулуш тармагында иштейсизби?

— Ооба, Бишкек шаарында курулуштар иштейм. Үй, имараттардын ичин жасалгалайбыз. Кесибим боюнча мал доктурумун, бирок, ал жаатта эмгектенбедим. Азыр курулушта иштеп жан багып жүрөм.

— Видеодо чогуу иштеген жамаатты топтоп рэп окуп жатасыз. Ага чейин да ырдап курулушчулардын көңүлүн ачып жүргөн окшойсуз?

— Ооба, анча-мынча ырдап калам. Өзүм сахнага чыксам деген ниетим бар. «Мен кыргызмын», «Сулууга» деген ырларды жаздырып койгонмун. Этно менен рэпти аралаштырып ырдайм. Эртең менен эрте турам. Кечке курулушта иштеп, кечинде студияларга барып, ыр жаздырып жүрөм. Чыгармачылык менен алектенген жагат. Бирок, бул азырынча менин хоббим бойдон гана калууда.

Бул рэп тартылган күнү бизде чакан иш-чара болуп, балдар ырдап бер деп калышты. Бир жума мурда эле болчу. Анан эле дароо таркап кетиптир.

— Белгилүү болуп, колуңуз бошобой, жетекчилик тараптан да көңүл бөлүнүп жатса керек?

— Жок, жетекчилик көңүл бөлгөн жок. Боршайкомдо жолугушуу болду. Клипти каржылап беребиз дешти. Бүгүн бир иш-чарага чакырышты.

Азамат Кененбаевдин жеке архивинен
Фото Азамат Кененбаевдин жеке архивинен. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен

— Эмне үчүн добушту сатпоого чакырып жатасыз?

— Негизи өзүм шартка байланыштуу шайлоого катышып, добуш берип деле көргөн эмесмин. Эмки шайлоодо активдүү болоюн деп турам. Себеби, биз жарандар кайдыгер карап, өзүбүздун келечегибизди, үнүбүздү уттуруп коет экенбиз. Сөзсүз калыс добуш бериш керек.

Бизди сатып алган саясатчылар, аткаминерлер анан өлкө келечегин, жерин сатат. Он партиянын ичинен жок дегенде бирөөсү акчанын эмес, элди күчү менен келсе, үмүттү актап иштеп берет. Үмүт үзүлбөй, жакшылыкка умтулушубуз зарыл.

Азамат Кененбаев

Добушун саткандарды көргөнмүн. Ошондуктан, шайлоонун калыстыгына ишенбейт болчумун.

Эң көп окулган жаңылыктар