Бишкек шаардык сотунда ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Нурлан Садыков Свердлов райондук соту негизсиз жана мыйзамсыз өкүм чыгарган деп айтты.
Анын билдирүүсүндө, Осмонбек Артыкбаев пайда жана артыкчылык алган жок.
«Осмонбек Артыкбаев тараптан кылмыштуу таасирдин эч кандай далили жок. Соттук актыда, айыптоочу корутундуда да анын карьералык өсүшү болгону көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле ал кандай пайда жана артыкчылык тапканы көрсөтүлгөн жок. Буга карабай сот ага карата максималдуу айып төлөө тууралуу өкүм чыгарды», — дейт жактоочу.
Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды.
Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди сот 5 миллион сом өлчөмүндө айыпка жыккан.