16:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Биримдик» партиясынын жетекчиси алмашып, негиздөөчүлөрүнүн курамы жаңыланды

«Биримдик» саясий партиясынын жетекчиси алмашып, негиздөөчүлөрүнүн курамы жаңыланды. Саясий уюмдун башчы КСДПнын мүчөсү Марат Аманкулов болду. Партиялык тизменин 2-номурунда мурунку вице-спикер, социал-демократчы Төрөбай Зулпукаров турат.

Жогорку Кеңештен 24.kg агенттигине билдиришкендей, «Биримдик» партиясынын курамына Айнуру Алтыбаева, анын бир тууганы Дилбара, президенттин күчүү иниси Асылбек Жээнбеков, төраганын орун басары Аида Касымалиева кирди.

Аида Касымалиеванын 24.kg агенттигине билдиргенине караганда, ал «Биримдик» саясий уюумуна киргенин биринчи жолу угуп жатат. Бирок эске салсак, 2015-жылы Аида Касымалиева партиялык тизме съездде жаңыланганга чейин КСДПнын мүчөлүгүнө киргенин четке каккан.

Марат Аманкулов менен Айнуру Алтыбаева саясий бирикмеге киргенин тастыкташты. Алар партиянын катары дагы кеңейе турганын кошумчалашты.

«Биримдик» партиясынын тизмесине Асылбек Жээнбековдун киргендиги тууралуу маалыматты кесиптештери тастыкташкан жок. Бирок четке да кагышпады.

Эң көп окулган жаңылыктар