20:49
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Турсунбек Бейшенбековду кайрадан Аскер прокуратурасына суракка чакырышты

«Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековду кайрадан Аскер прокуратурасына суракка чакырышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Эске салсак, бүгүн түнү Биринчи май райондук соту Турсунбек Бейшенбековду үй камагына чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.

Таалайгүл Токтакунованын билдиргенине ылайык, бир дагы саясатчынын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө эч кандай тиешеси жок.

«Турсунбек Бейшенбековдун кармалышы анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Бул мыйзам бузуу менен коштолду. Сот тергөөнүн аракетине адилеттүү баа берип, редакторду үй камагына кое берди», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековдун кармалганын юрист Чынара Жакупбекова билдирген. Алдын ала маалыматка ылайык, Курсан Асанов Турсунбек Бейшенбековго жашыруун маалыматтарды жарыялоо үчүн жеткирип турган. Журналист өзү Курсан Асанов менен жакындан тааныш эместигин айтууда.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума