18:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековду үй камагына чыгарышты

«Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековду үй камагына чыгарышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди бүгүн түнү Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Эске салсак, буга чейин «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековдун кармалганын юрист Чынара Жакупбекова билдирген. Алдын ала маалыматка ылайык, Курсан Асанов Турсунбек Бейшенбековго жашыруун маалыматтарды жарыялоо үчүн жеткирип турган. Журналист өзү Курсан Асанов менен жакындан тааныш эместигин айтууда.

Эң көп окулган жаңылыктар