06:28
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Камактагы Афтандил Жоробековдун кармоо шарттарына нааразычылыгы жок

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Афтандил Жоробековду зыярат кылышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине директору Нурдин Сулайманов билдирди. 

Айтымында, блогер эч кандай кыйноолор болбогондугун жана тергөө абагынын кармоо шарттарына нааразычылыгы жоктугун билдирген. «Афтандил Жоробековдун айтымына караганда, психикалык басым көрсөтүлгөн эмес, кыйнашкан дагы жок. Ал өзүн жакшы сезүүдө. Жактоочулар анын жанына тоскоолдуксуз өтүүдө», — деди Нурдин Сулайманов.

Бүгүн жактоочулар блогерге жылуу кийимдерин жана тамак-аш беришти.

Эске салсак, Афтандил Жоробековду УКМК «Аймак аралык касташууну козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган. Ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген айып коюлууда.

Блогердин бир тууган карындашы Чынара Темирова дагы буга чейин агасынын кармалышын сөз эркиндигине басым деп баалап, кайрылуу тараткан болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума