13:59
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстандыктар Афтандил Жоробековдун бошотулушун талап кылууда

Кыргызстандыктар Афтандил Жоробековдун бошотулушун талап кылууда.

Соцтармакта БеспределKGнин «Фейсбуктагы» баракчасынын администраторун колдоо максатында, «Мен/Биз Афтандил Жоробеков» флешмобу жарыяланды. Ошондой эле Change.org сайтында камакка алынган блогерди коргоо үчүн петиция түзүлдү.

Эске салсак, Афтандил Жоробековду УКМК «Аймак аралык касташууну козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган. Ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген айып коюлууда.

Блогердин бир тууган карындашы Чынара Темирова дагы буга чейин агасынын кармалышын сөз эркиндигине басым деп баалап, кайрылуу тараткан болчу. 

Эң көп окулган жаңылыктар