08:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Блогер Афтандил Жоробековду Аскер прокуратурасына чакырышты

Блогер Афтандил Жоробековду Аскер прокуратурасына чакырышты. Ал чакыруунун сүрөтүн соцтармактагы баракчасына жайгаштырды. 

Блогердин кызыкчылыгын коргогон «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Тимур Султанов 24.kg агенттигине билдиргендей, анын кандай иш боюнча чакырылганы белгисиз.

«Афтандил Жоробеков Аскер прокуратурасына күбө катары чакырылды. Бирок анда конкреттүү кайсыл макала үчүн чакырганы көрсөтүлгөн эмес», — деди Тимур Султанов.

Эске салсак, Афтандил Жоробековду 24-ноябрда кармашкан, сот аны 2 айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Ага аймактар аралык кастыкты козутуу айыбы тагылган.

Социалдык тармакта «Мен/Биз Афтандил Жоробеков» флешмобу өткөн.

Эске салсак, Афтандил Жоробековду УКМК «Аймак аралык касташууну козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган.

Блогердин бир тууган карындашы Чынара Темирова дагы буга чейин агасынын кармалышын сөз эркиндигине басым деп баалап, кайрылуу тараткан болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар