2019-жылы Кыргызстанда 110 социалдык маанидеги объекттин курулушу аяктады. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.
Анын айтымында, 223 социалдык объекттерде курулуш иштери жүргүзүлдү. Ага республикалык бюджеттен 2 миллиард 774 миллион сом каралды.
2 миллиард сомго жакын каражат 51 объекттин курулушуна коротулду. Алардын катарында 31 мектеп, 2 спорттук зал, 2 бала бакча, 6 саламаттык сактоо объектилери, 4 спорттук мекеме жана бир гана маданият объектиси бар.