17:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекке Талас облусунда жарадар болгон ак илбирсти дарылоо үчүн алып келишти

Бишкекке Талас облусунда жарадар болгон ак илбирсти дарылоо үчүн алып келишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. 

Анын айтымында, жаныбарды кечээ токойдогу дарактын башынан таап алышкан. Мекеме ак илбирстин кантип ал жакта болуп калганын жана аны ким жарадар кылганын билбейт.

Маалыматка ылайык, адистердин консилиумунан кийин ак илбирске рентген жасалып, жыйынтыгына жараша дарылоо башталат. Кызыл китепке кирген жаныбар башынан ок жеген.

Эң көп окулган жаңылыктар