09:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Журналистке кол салуу. Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды

Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун сабалышы тууралуу факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Талап-тоноо» беренеси боюнча каттоого алынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, милиция кол салгандарды издеп жатат. Сотко чейинки өндүрүштү Биринчи май РИИБ жүргүзүүдө. Иликтөөнүн ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев өзү жеке көзөмөлгө алды.

Болот Темиров 24.kg агенттигине баш мээси чайкалып, жаракат алганын айтты. «Мен ооруканага жаткан жокмун, үйдөмүн. Абалым канааттандыраарлык. Бүгүн тиш догдурга барам, мага кол салышканда тишим да жабыркаган», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу болду.

 
Эң көп окулган жаңылыктар