12:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткенде журналисттин өлүмүнө айыпталып активист кармалды

Баткенде журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө айыпталып активист Батмакан Жолболдуева кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Арзыгүл Галымбетова 25-март күнү «Батма-бат» ютуб каналында иштеген блогер кыз менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат деген таризде арыз менен кайрылган.

«Ошол эле күнү арыздануучу чыр-чатактан соң, ден соолугу начарлап саат 20.00дөр чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылат. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ден соолугу начарлап, ошол эле түнү каза болуп калат», — дейт ички иштер башкармалыгы.

Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Батмакан Жолболдубаева кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар