17:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу болду

Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу болду. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, чымыр дене түзүлүштөгү 2 жаш жигит Токтогул көчөсүндөгү кеңсенин короосунан кол салышкан. «Бирөөсү аркадан кол салды, мен кулап калгандан кийин экинчиси тепти. Колумдагы телефонду алып кетишти. Андан башка эч нерсе алышкан жок. Бул талап-тоноо эмес деп ойлойм. Алар коркутуп коюуну чечишкен өңдүү», — деди Болот Темиров.

Буга чейин редакцияга белгисиз 2 жаран үй комитети башчысынан Factcheck сайтынын кеңсеси кайда жайгашканын сурап кызыгышканын билдиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар