06:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Матраимов Factcheck.kg сайтынын башкы редакторунун сабалышы боюнча пикирин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго болгон кол салуу фактысы тууралуу өз пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

«Болот Темиров деген журналистке кол салуу болгонун окудум. Аны 3 жигит акмалап жүрүп, сабап кетишкени айтылууда. Бул азырынча анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуубу же башка себептер менен болгонбу ачыктала элек. Эгер, журналисттин сабалышы — анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт», — деп жазат депутат.

Ал журналист гана эмес, жарандардын дагы сабалышы — мыйзамга каршы келген аракет экенин баса белгидеген. Айтымында, тийешелүү органдар ыкчам иштеп, болгон мүмкүнчүлүктөр менен шектүүлөрдү таап, жазасын бериши зарыл.

Белгилей кетсек, Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу болду.

 
Эң көп окулган жаңылыктар