03:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

NewTV телеканалынын чыгармачыл тобуна кол салуу болду

NewTV телеканалынын чыгармачыл тобуна күн мурун кол салуу болду. Маалыматты 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Ак-Ордо» калктуу конушунда журналисттер менен белгисиз кишилер арасында пикир келишпестик жаралган. Мэриянын кызматкерлери мыйзамсыз курулуштарды алып жаткан, ал эми тартуу тобу бул тууралуу репортаж даярдашкан.

«Белгисиз аял журналисттерге кол салып, 7 миң 950 долларлык видеокамераны талкалап салган, андан кийин унаага түшүп белгисиз тарапка кеткен. Ал эми унаада отурган белгисиз айдоочу журналисттер тарапка айдап, аларды сүзүүгө аракет жасаган», — деп билдиришти ШИИББдан.

Журналисттер милицияга жардам сурап кайрылып, белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранышкан.

Маалыматка таянсак, аталган окуяга шектелип жаткан 1988-жылы туулган А.А. жана 1987-жылы туулган О.У. кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума