15:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

CPJ бийликти журналистке карата кол салуу фактысын тыкыр иликтеп чыгууга чакырды

Кыргызстандын бийлиги журналист Болот Темировго карата кол салуу фактысын тез жана тыкыр иликтеп чыгышы керек. Муну менен бирге жемкорлук фактыларын чагылдырган журналисттердин коопсуздугун камсыздашы зарыл. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо боюнча комитеттен (CPJ) билдиришти. 

Эске салсак, Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго 3 белгисиз жаран кол салып, ур-тепкиге алышкан. Алар журналисттин уюлдук телефонун алып качып кетишкен.

Дарыгерлердин айтымында, Болот Темировдун баш мээси чайкалып, жаракат алган.

«Кыргызстандын бийлиги журналист Болот Темировго карата кол салуу фактысын тез жана тыкыр иликтеп чыгышы керек. Бул анын ишине байланыштуубу же жокпу аны аныкташы зарыл», — деди CPJ программасынын Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гулноза Саид.

Эң көп окулган жаңылыктар