Бүгүн түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Баткен облусунда жана Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Маалыматка караганда, 10-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 10-январда күндүз жана 11-январда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал.
12-январда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.
13-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. 13-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы ыктымал.
14-15-январда туруксуз аба-ырайы сакталып турат. 14-январда көпчүлүк аймактарда, 15-январда кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн.