USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Бүгүн Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

09:50, 31 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жаңы жылга караган түнү Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 15:00дөн майрамдык иш-чара аяктаганга чейин жабык болот.

«Киев көчөсүндө тартип сакчылары турушат. Аталган башкармалык айдоочулардан унааларды тыюу салынган жерлерге токтотпоону суранат», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18