24-26-декабрь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн көпчүлүк аймактарында, күндүз кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, облустарында жаан-чачын жаабайт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
25-27-декабрларда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал.
28-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.